Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Малайзиялык учакты атып түшүргөндөрдү табууга көбүрөөк аракет жумшалат


Голландия бийлиги малайзиялык учак кулаганда набыт кеткендердин дээрлик бардыгы аныкталганын, эми "Боингди" атып түшүрүү үчүн күнөөлүү адамдарды табууга аракет көрүлүп жатканын билдирди.

Өткөн жылдын 17-июлунда "Малайзия аба жолдоруна" таандык учак Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан жеринен Украинанын аймагы үстүнөн кырсыкка учураган. Учак орусиячыл жикчилдер тарабынан атып түшүрүлгөн деп болжолдонууда. Борттогу 298 киши, көбү голландиялыктар каза тапкан. Жикчилдер менен Украинанын өкмөттүк армиясы ортосундагы куралдуу жаңжалдан улам эксперттер учак кулаган жерге жакын айрым аймактарды изилдей алышкан эмес. Өткөн айда Голландиянын маалымат каражаттары металлдын сыныктары табылганын, химиялык анализдин негизинде алар орусиялык "Бук" ракетасынын калдыктары болушу мүмкүн экенин жазышкан.

Орусия болсо кырсыкка тиешеси жоктугун айтып, учак украин армиясы тарабынан атып түшүрүлгөн деп айыптоодо.

XS
SM
MD
LG