Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

БУУ Йеменге 275 миллион доллар гуманитардык жардам берүүгө чакырды


Йемен
Йемен

Улуттар уюму Йеменге гуманитардык жардам катары дээрлик 275 миллион доллар чогултууга үндөдү. Уюмдун гуманитардык жардамды координациялоо боюнча кеңсеси билдиргендей, өкмөттүк күчтөр менен шиит козголоңчуларынын урушу жана Сауд Арабия баштаган коалициянын аба соккулары 150 миңдей кишини үйүн таштап кетүүгө аргасыз кылды. Медициналык кызматкерлер 19-марттан 13-апрелге чейин кеминде 767 киши набыт болгонун маалымдашты.

БУУ курман болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүн деп эсептейт.

Франс-Пресс агенттиги жергиликтүү бийликтеги булактарга таянып, түн ичинде Адендин жанында хусит козголоңчуларынын кербенине абадан сокку урулганда бери дегенде 20 киши окко учканын кабарлады.

Таиз шаарында болсо президент Абд Рабу Мансур Хадиге лоялдуу күчтөр менен Иран колдогон шиит топторунун кармашында 15 киши набыт кетти, арасында карапайым үч киши бар.

Кечээ БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун Йеменде ок атышууну дароо токтотууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG