Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Лукашенко Москвадагы Жеңиш парадына катышпайт


Беларус президенти Александр Лукашенко 9-майда Жеңиштин 70 жылдыгына арналган парадга катышпайт. Бул тууралуу журналисттерге билдирген Лукашенко 9-майды Минсктеги парадда тосо турганын, ал эми Москвага 7-8-май күндөрү барарын айтты.

Лукашенко Москвага баруудан баш тарткан саясатчыларды колдобой турганын кошумчалады.

25 өлкөнүн, анын ичинде Индиянын, Кытайдын, Сербиянын жана Түндүк Кореянын өкүлдөрү Жеңиш күнүнө карата өткөрүлө турган парадга катышарын тастыкташты.

Дүйнөнүн бир катар лидерлери Москвадагы парадга катышуудан баш тартышкан. Алардын ичинде АКШ президенти Барак Обама, Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, Нидерландынын премьер-министри Марк Рютте, Норвегиянын өкмөт башчысы Эрна Сольберг жана Финляндиянын президенти Саули Ниинистё парадга катышпайт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG