Жекшембиге караган түнү Ливиянын жээгинде 700гө жакын мигрантты ташып бараткан кеме кырсыкка учурады. Италия бийлигинин маалымдашынча, алдын ала маалыматтарга караганда 24 адам өлүп, 28и куткарылды. Өлгөндөрдүн саны көбөйүшү мүмкүн.
Куткаруу иштерине италиялык кемелер, Мальтанын аскер-деңиз күчтөрү жана коммерциялык кемелер тартылды. Жалпысынан издөө иштерине 20 кеме жана үч тик учак катышып жатат. Куткарылган адамдар Сицилиядагы Катания портуна жеткирилет.
Кеме Ителиянын Лампедуза аралынан 210 км жерде чөгүп кеткен.
Ушул аптанын башында да Ливиянын түндүгүндө мигранттарды ташып бараткан кеме чөгүп кетип, 400гө жакын киши өлгөн. (ZMa)