Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

АКШ жана Украин аскерлеринин машыгуусу башталды


АКШлык десантчы-жоокерлери машыгуу салтанаты ачылар алдында.
АКШлык десантчы-жоокерлери машыгуу салтанаты ачылар алдында.

Президент Порошенко Батыш Украинадагы машыгуунун ачылыш аземинде сүйлөп, тыш өлкөлөрдүн коркунучуна каршы туруу үчүн Украинанын куралдуу күчтөрүн кайра куруу керек деди.

Пентагондун өткөн жумада маалымдашынча, 300 америкалык десантчы Украинанын Улуттук гвардиясынын 900 жоокерин аскердик өнөргө үйрөтөт, машыгууга ыктыярдуу аскерий топтор да катышат.

Расмий Москва машыгууну Украинанын чыгышындагы борпоң тынчтык жараянына зыян келтирет деп сындады жана бул АКШнын Украинага курал берүүсү үчүн жасалган биринчи кадам деди.

Ак үй Украинага согуштук курал сунуш кылган эмес, бирок 75 млн. долларга аскердик техника берген.

XS
SM
MD
LG