Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Украина АКШдан кошумча 18 миллион доллар алат


Петро Порошенко АКШ-Украина аскерий машыгууларында сүйлөп жатат. Украина, 20-апрель, 2015.
Петро Порошенко АКШ-Украина аскерий машыгууларында сүйлөп жатат. Украина, 20-апрель, 2015.

Кошмо Штаттар Украинага гуманитардык жардам катары кошумча 18 миллион доллар берет.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жо Байден жана Украинанын президенти Петро Порошенконун ортосунда болгон 20-апрелдеги телефондук сүйлөшүүдө макулдашылды. Бул сумманын 17 миллион доллардан ашыгыраагы орусиячыл козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөр ортосундагы кагылышуулардан жабыркаган аймактардын тургундарына жардам катары берилет.

Ал арада дүйшөмбүдө Украинанын батышында АКШ жана украин аскерлеринин бирдиктүү аскерий окуулары башталды.

Украинанын лидери Петро Порошенко бул машыгуунун ачылышында сүйлөп жатып өлкөнүн куралдуу күчтөрү тышкы коркунучтарга каршы туруу үчүн түбүнөн өзгөртүүгө муктаж экенин белгиледи. Иш-чара Донецк жана Луганск облустарынан 1000 чакырым алыстыкта өтүүдө.

Орусия бул машыгууну сынга алып, АКШнын Украинага курал берүү жараянынын биринчи этабы болушу мүмкүн деген жүйөсүн билдирди. Буга чейин АКШ Украинага курал-жарактан жардам берет деген сөз айтылганы менен Вашингтон бул боюнча чечим кабыл алына электигин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG