Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:59

Караколдо спортчулар нааразылык акциясына чыкты


Алар Ысык-Көл облустук спорт бөлүмүнүн жетекчиси Алим Малдыбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты. 200гө чукул адам катышкан акция жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, облустук администрация жетекчилигине кайрылуу жолдонду. Анда тез аранын ичинде Малдыбековдун кызмат жоопкерчилигин кароо сунушталып, эгер талап аткарылбаса 28-апрелде мөөнөтсүз акцияга чыгарын эскертишти.

Спорт машыктыруучулары жана кызматкерлер Малдыбековду “жыл сайын облустун спорт тармагына бөлүнчү эки миллион сомду максатсыз пайдаланып жатат” деп айыптоодо. Мындан сырткары спорт мекемелеринен 60ка жакын кызматкерди мыйзамсыз иштен кетирип, кадр саясатын туура эмес жүргүзүп жатат деген дооматтар да бар.

Ал эми Алим Малдыбеков аталган дооматтарды четке кагып, айыптоолор боюнча териштирүүнү расмий органдар жүргүзүшү керек деген пикирин билдирди. Ал текшерүүлөр буга чейин да болгонун, бирок эч кандай мыйзам бузуу аныкталбаганын кошумчалады. (ASa)

XS
SM
MD
LG