Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:17

Немцовдун шериктери: АКШ орус үгүттөөчүлөрүн "кара тизмеге" алсын


Немцовдун шериктери АКШны орусиялык «пропагандисттерге» каршы санкция киргизүүгө чакырат. Киши колдуу болгон орусиялык оппозиция өкүлү Борис Немцовдун союздаштары орусиялык теле-үгүттөөчүлөр аны каралап жатып өлүмүнө шыкакчы болду деп ырасташты жана ушул себептен ага каршы санкция киргизүүнү сунуш кылышты.

Владимир кичүү Кара-Мурза "Азаттыкка" ал Михаил Касьянов экөө бүгүн Вашингтондо бул маселени АКШнын улук мыйзамгерлери менен талкуулай турганын билдирди. Ал Орусиядагы сегиз теле өкүлдү "кара тизмеге" киргизүүнү талап кылаары күтүлүүдө.

Тизмеде Дмитрий Киселев, Алексей Пушков бар. Орус президенти Владимир Путиндин биринчи мөөнөтүндө өкмөттү башкарган Михаил Касьянов Немцов менен бирдикте "РПР-Парнас" деген оппозициячыл партия түзгөн эле. Ал эми Кара-Мурза бул партиянын федералдык кеңешинин мүчөсү.

XS
SM
MD
LG