Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

“Вечерний Бишкек” боюнча сот жүрүүдө


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Вечерний Бишкек” басылмасы боюнча сот жүрүп жатат. Анда гезиттин мурдагы кожоюндарынын бири Александр Рябушкин "он беш жылга жакын мыйзамдуу үлүшүмдү бербей келген" деп “Вечерний Бишкектин” кожоюну Александр Кимден 15 миллион доллар доо талап кылып, сотко кайрылган. Ким баштаган жамаат бийликтин кийлигишүүсү менен Рябушкин бул ирет да жеңип чыгат деген пикирде.

Рябушин басылма “Рубикон” реклама фирмасынын 50 пайыз акциясын кайтарып берсин деп сотко кайрылып, Бишкек шаардык соту аны канааттандырган.

“Вечерний Бишкек” басылмасынын жамааты өткөн жумадан бери президент Алмазбек Атамбаевге эки жолу кайрылуу жолдоду. Анда басылманы рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жүрүп жатканы, артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, президенттик аппараттын жетекчи орун басары Икрам Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турушу мүмкүн деген божомол айтылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG