Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:35

Кыргызстандагы казак жарандары элчиликте добуш беришти


Казакстандагы добушканалардын бири. 26-апрель, 2015-жыл.
Казакстандагы добушканалардын бири. 26-апрель, 2015-жыл.

Казакстандын президентин шайлоо Бишкектеги казак элчилигинде да жүрүп жатат. Кыргызстанда иштеп, жашап жүргөн казакстандыктар үчүн 26-апрелде эртең менен элчиликтин имаратында добушкана иштей баштаганын коңшу өлкөнүн дипломаттары “Азаттыкка” билдиришти. Добуш берүү жараянына кыргызстандык байкоочулар көз салууда.

Элчиликтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 250дөй казак жараны бар.

Расмий маалымат боюнча өлкө аймагында 9741 шайлоо участкасы ачылган. Андан сырткары чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык корпустарда өтүүдө.

Мамлекет башчылыкка азыркы президент Нурсултан Назарбаев жана эки саясатчы - Абелгази Кусаинов менен Тургун Сыздыков ат салышууда.

Шайлоонун жүрүшүнө жергиликтүүлөр жана чет элдиктер кошулуп, 1024 байкоочу көз салып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG