Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Бишкекте бачабаздыкка каршы акция өтүүдө


"Калыс" кыймылынын буга чейинки акцияларынан, Бишкек, 5-февраль, 2015.
"Калыс" кыймылынын буга чейинки акцияларынан, Бишкек, 5-февраль, 2015.

“Калыс” кыймылы уюштурган акцияга 50гө жакын адам катышууда. Алар өлкөдө балдарга карата сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү тыюу үчүн өлүм жазасын киргизүүнү талап кылууда. Кыймылдын жетекчиси Жеңиш Молдокматовдун айтымында, мындай катаал чара болбосо бачабаздыкка каршы туруу кыйын болууда. Ошондой эле Молдокматов бийлик тиешелүү чараларды көрбөсө, кыймыл өзү күрөш баштайт деп билдирди. Ал кыймыл бачабаздыкка шектелгендерди кармагандарда акчалай сыйлык жарыялай турганын да кошумчалады.

Кыргызстанда соңку кездери балдарга карата зомбулук жана зордуктоо боюнча талкуулар кызыды.(BkA)

XS
SM
MD
LG