Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Бирдиктүү энергохолдинг түзүү сунушталды


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Мындай сунуш менен энергетикалык коопсуздук маселесин талкуулаган Коргоо кеңешинин жыйынында энергетика министри Кубанычбек Турдубаев чыкты. Анын айтымында, учруда өлкөнүн энергетика тармагы оор абалда турат. Буга тармакты башкаруудагы бирдиктүү системасын иштебей жатканы себеп болууда. Ошондуктан министр электр энергиясын өндүрүүчү, жеткирүүчү жана бөлүштүрүүчү компанияларды башкаруу укугун Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан Энергетика министрлигине алуу зарылдыгын, бардык компаниялардын башын бириктирип, энергохолдинг түзүүнү сунуштады.

Министр Турдубаев мындай чара тармакты кризистик абалдан чыгарууга өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Учурда Кыргызстанда энергетикалык тармактагы таңсыктык 16 миллиард сом деп эсептелген. (BkA/KJ)

XS
SM
MD
LG