Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Непал: зилзала курмандыктарынын саны 4300дөн ашты


Непал -- Зилзаладан кийинки куткаруу иштери, 27-апрель, 2015.
Непал -- Зилзаладан кийинки куткаруу иштери, 27-апрель, 2015.

Бийликтер ишембидеги жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 4300дөн ашып, жарадарлардын саны 8 миңге жеткенин билдирүүдө. Гималай тоолорунда жайгашкан бул өлкөгө эл аралык жардам келе баштады. Баш калаа Катмандуда башка жактардагыдай эле, миңдеген киши көчөлөрдө, парктарда, чатырларда баш калкалап жатышат. Ооруканаларга жарадарлар толуп, суу, азык-түлүк, электр кубаты тартыш.

27-апрелде Кошмо Штаттары Непалга мурдагы бир миллионго кошуп, дагы тогуз миллион доллардык жардам бөлөөрүн кабарлады. Кытай менен Индия биринчилерден болуп жардамга келди. Непалдын 28 миллион калкынын сегиз миллиону зилзаладан жапа тарткан аймактарда экени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG