Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Айрым депутаттар Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгышууда


Ушу тапта Жогорку Кеңештин беш фракциясынын биргелешкен жыйынында Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушу талкууланып жатат. Мындай демилгени сунуштап чыккан «Ар-намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов учурдагы баш мыйзамда бир катар жетишпестиктер бар экенин айтып, аларды референдум жолу менен чечип алуу керектигин билдирүүдө. Кулов иштеп чыккан демилгеге ылайык, депутаттардан императивдик мандатты алып, фракция чечими менен чакыртып алуу укугун киргизүү, Жогорку Соттун президиумун киргизүү сунушталган.

Бирок бир катар депутаттар бул сунуштарга каршы чыгууда. «Ата Мекен» фракциясынан депутат Туратбек Мадылбеков 2010-жылы 27-июндагы референдумдагы кабыл алынган Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбой турганын билдирип чыкты.

Ал эми «Ата Журт» фракциясынан депутат Дастан Жумабеков Конституицияга бул жолу өзгөртүү киргизүү менен мурдагы бийликтердин кетирген катасынын кайталанышына жол ачышы мүмкүн деген чочулоосун билдирди.(BkA)

XS
SM
MD
LG