Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Карим Масимов кайрадан Казакстандын премьер-министри


Карим Масимов
Карим Масимов

Президент Нурсултан Назарбаев Карим Масимовду премьер-министр кылып бекитти. Бул жөнүндө Назарбаевдин маалымат кызматы кабарлады. Бүгүн эртең менен 74 жаштагы Назарбаев бешинчи жолу президент катары ант бергенден кийин Масимовду премьерликке кайрадан сунуш кылган. Сунушту казак парламенти шыр колдоп берди.

26-апрелдеги президенттик шайлоодо Назарбаевди шайлоочулардын 98 % жакыны колдогон. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму шайлоочуларга тандоо мүмкүнчүлүгү берилбеди, добуш берүү мыйзам бузуулар менен өттү деп сындады.

Карим Масимов 49 жашта. Ал өкмөттү 2007-2012-жылдары жетектеген жана былтыр апрелден бери кайрадан премьер-министр болуп иштеп жаткан.

XS
SM
MD
LG