Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Жалал-Абадда мал күйдүргүгө каршы 30 пайыз гана эмделди


Бул тууралуу облустук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыктын башчысы Жумабек Аскаров 29-апрелде облустук жыйын учурунда билдирди. Анын айтымыныда, бюджет тартыш болуп, мамлекет тарабынан малды эмдөөгө вакцина алынбай жатат, ошол себептүү мал-жандыктар күйдүргүгө каршы 30% гана эмдөөдөн өткөн.

- Жайлоого чыгар алдында эми ар бир мал ээси өзү ветеринарга кайрылып, эмдетиши керек. Учурда аймакта вакцинанын жоктугунан кутурма оорусу кооптуу болуп турат, - дейт Аскаров.

Облус аймагында 1 млн. 220 миң майда жандык, 300 миң бодо мал жана 60 миң жылкы катталган. Аларды 90го чукул мамлекеттик ветеринар көзөмөлдөйт. (RsK)

XS
SM
MD
LG