Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Баткенде миллион доллардан ашуун акчаны тоногондор изделүүдө


Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, 29-апрель күнү Ош-Баткен жолунда бараткан унаадан миллион доллардан ашуун акчаны каракчылык жолу менен тоноп кеткен кишилер изделүүдө. Окуя күндүз күнү болгон. Кызыл-кыя шаарынын аймагында бараткан унааны белгисиз кишилер токтотуп, машиненин ичиндегилерди курал менен коркутушкан жана акчаны тартып алышкан. Маалыматка ылайык, кылмыш жасагандар “Форд фокус” унаасына түшүп кеткен.

Азырынча акча кимге таандык экени, аны кимдер алып баратканы ачык айтыла элек. (SE)

XS
SM
MD
LG