Жогорку Кеңештеги парламенттик коалиция премьер-министрликке талапкер катары экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевди тандаганын расмий жарыялады. Бул тууралуу бүгүнкү парламент жыйынында аталган коалиция лидери Феликс Кулов билдирди. Анын айтымында, Социал-демократтар, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары жыйын өткөрүп, Сариевдин талапкерлигин тандаган.
Эми жаңы өкмөт башчынын бекитүү маселеси бүгүн түштөн кийин каралары күтүлүүдө.
Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев өткөн аптада өз арызы менен кызматтан кеткен. Мыйзам боюнча он беш күн аралыгында жаңы премьер тандалышы зарыл.(BkA)