Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Кордолгон баланын атасы эки жылга шарттуу кесилди


Катуу сабалып ооруканага түшкөн эки жаштагы баланын атасы эки жылга шартуу түрдө жатак абакка кесилди. Мындай чечимди Аламүдүн райондук соту кабыл алды. Жаза аткаруу кызматынан кабарлашкандай, Назар Түлөбеков учурда Ново-Павловкадагы жатак абакка жеткирилип, ал жакта кармалып жатат.

Быйыл жыл башында эки жашар Ибрагим аттуу аттуу наристе катуу сабалып жана зордукталып ооруканага түшкөн. Ал беш айдан ашык убактан бери ооруканада жатат. Анын абалы бираз оңолгону менен дале эс-учун билбей жатканы кабарланууда. Наристе жакынкы аралыкта ооруканадан чыгарылары айтылган.

Ибрагимди уруп-сабап, зордуктоого шектелген атасынын агасы жана анын аялы кармалган. Учурда алардын соту жүрүп жатат. Тергөөдө Ибрагимдин атасы дааватка кетип баратканына байланыштуу наристени агасыныкына убактылуу калтырганы, ал эми аялы менен ажырашып кеткени маалым болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG