Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Футбол: Курама команда эл аралык мелдештерге даярданууда


Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы менен олимпиадалык курамасынын беттеши тең чыгуу менен аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы маалымдады. 30-апрелде Бишкектеги Дордой стадионунда болуп өткөн оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталган.

Аталган эки кураманын оюнчулары быйыл боло турган бир катар маанилүү беттештерге даярдык көрүүдө.

Олимпиадалык курама 16-майдан 24-майга чейин Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган 2016-жылдагы Азия чемпиондугуна тандоо оюндарына катышат. Кыргыз футболчулары тайпадан чыгуу үчүн Кувейт, Түркмөнстан, Иордания жана Пакистандын 23 жашка чейинки оюнчулары менен беттешишет.

Ал эми улуттук курама 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн экинчи квалификациялык баскычта Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш командалары менен ойнойт. Алгачкы оюнду 16-июнда Бишкекте Австралия курамасы менен ойношот.(ECh)

XS
SM
MD
LG