Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:52

Жалал-Абад: чегиртке каптаган аянт 22 миң гектарга жетти


Облус аймагында соңку маалыматтарга караганда чегиртке каптаган аянт 21750 гектарды түзүүдө.

Бул тууралуу Жалал-Абад региондук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Кайратбек Садыков "Азаттыкка" билдирди. "Учурда зыянкечтер Аксы, Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда күч алууда. Аймакта эки бригада иштеп, алты трактор зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө жана 9 миң гектар аянт чегирткеден тазаланды", - деди Садыков.

4-майда Аксы жана Ноокен райондорунун бийик тоолуу аймактарын чегиткеден арылтууга кичи учак тартылары пландалууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG