Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Жалал-Абадда 240 миңден ашык көчөт отургузулду


Облус аймагында 1-марттан баштап жарыяланган көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-чараларынын алкагында 242 миң түп көчөт отургузулду.

Бул тууралуу облусттук администрациянын өкүлү Ажимамат Исаев билдирди. Ушул күнгө чейин 3051 мекеме ишканадан 100 миңден ашык адам катышты. Анын алкагында 77 парк кароодон өтүп, 25 чакырым көчө жарыктандырылган. 5 миң тоннага жакын таштынды жыйналды. Көрктөндүрүү иштери ушул айдын аягында жыйынтыкталат. (RsK)

XS
SM
MD
LG