Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Жерүй: Конкурстук комиссия жыйынга чогулду


Геология жана минералдык ресурстар агенттигинде бүгүн Жерүй кенин иштетүү боюнча конкурстук комиссиянын жыйыны өтүүдө. Сынактын жыйынтыгы бүгүн чыгары мурда кабарланган.

Конкурстун экинчи айлампасына “Восток-геологодобыча” компаниясы менен “Кыргызалтын” ишканасы чыккан.

Өкмөт былтыр да Жерүйдү сынакка коюп, бирок ал ишке ашпай калган. Анда кендин баштапкы баасы 300 миллион доллар деп бааланган болчу. Азыркы баа 100 миллион доллар. Бүгүнкү жыйында “Кыргызалтын” аны 111 миллионго көтөрүү сунушун киргизди.

Жерүй кенин иштетүү боюнча конкурстун экинчи туруна үч компания өткөн эле. Алардын ичинен орусиялык олигарх Сулейман Керимовго таандык деген “Алтанзолото” компаниясы сынакка катышуудан баш тарткан. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG