Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:14

Үмөталиева: Биометрикалык маалыматты партиялар көчүрүп алууда


Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева айрым партиялар жарандардын биометрикалык маалыматтарынын көчүрмөсүн алып жатканын “Азаттыкка” билдирди. Муну ал өзү жүргүзгөн мониторинг жыйынтыгына таянып айтууда. Учурда мониторинг уланып жаткандыктан кайсы партиялар тууралуу сөз болуп жатканы кийинчерээк жарыяланмакчы.

Үмөталиева ошондой эле “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” мыйзамды жокко чыгаруу талабы менен Конституциялык палатага берген арызын кароо кечиктирилип жатканын кошумчалады.

Конституциялык палата Үмөталиеванын арызы 25-майда караларын билдирген.

Биометрикалык каттоо жөнүндөгү мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев былтыр 14-июлда кол койгон.

Өлкө боюнча биометрикалык маалымат берүүгө милдеттүү 3 млн 884 миң 270 киши бар. Алардын 2,5 миллиону каттоодон өттү.

Бийликтин билдиришинче, биометрикалык маалымат чогултуу мамлекеттин коопсуздугун коргоо жана жарандардын документалдык эсебин тактоо максатында киргизилген.

Каттоого кирбеген жаран шайлоодо добуш бере албайт. (SA)

XS
SM
MD
LG