Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

“Ак илбирстин” дүйнөлүк кинематография боюнча сыйлыгын өзбек режиссеру алды


“Ак илбирс” улуттук кино фестивалынын “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” номинациясы боюнча сыйлыкка Өзбекстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Хамза” мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, режиссер жана сцеранист Али Хамраев татыктуу болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” кино сынактын уюштуруучулары кабарлады.

Али Хамраев жараткан тасмалар буга чейин 1976-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн сынакта мыкты режиссерлук үчүн сыйлыкты, 1980-жылы Италиянын Сан-Ремо фестивалында Гран-прини алган.

1976-жылы “Чымчыктын артынан кеткен адам” тасмасы Бүткүл союздук республикалар арасында өткөн конкурста алдыңкы тасма катары сыйлыкка ээ болгон.

Хамраев буга чейин 40ка чукул көркөм жана даректүү тасма жараткан.

Кыргызстандык көрүүчүлөр анын “Жетинчи ок” жана “Жансакчы” аттуу тасмалары аркылуу билишет.

Али Хамраев 14-майда Бишкекке учуп келип, 15-майда “Манас” кинотеатрында тасма тартууга кызыккандар үчүн кино тартуу чеберчилиги боюнча дарс окуйт. (ZA)

XS
SM
MD
LG