Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Ош: Шаардык төрөт үйүнө 15 млн сомдук жаңы жабдуу берилди


Саламаттыкты сактоо министрлиги Ош шаардык төрөт үйүнө Германияда жасалган жаңы жабдуу берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” төрөт үйүнүн башкы дарыгери Мырза Стамбеков билдирди. Жаңы жабдуу арасында ымыркайларды жасалма дем алдыруучу эки аппарат, дарыны өлчөп берүүчү эки аппарат, ара төрөлгөн балдар үчүн эки инкубатор бар.

Буга чейин ымыркайларды жасалма дем алдыруучу жабдуу жетишсиз болуп жаткан.

Шаардык төрөт үйүндө жылына 8500, суткасына 28-30 ымыркай жарык дүйнөгө келет. Наристелердин 12% ай-күнүнө жетпей төрөлөт. (YI)

XS
SM
MD
LG