Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Өкмөт ЕАЭБ боюнча үч протоколдун долбоорун бекитти


Өкмөт 4-май күнү Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүү боюнча түзүлгөн келишимдин үч протоколунун долбоорун бекитти.

Премьер-министр Темир Сариев башчылык кылган жыйында уюмга мүчөлүктү жөнгө салган эл аралык келишимдер боюнча документтер кабыл алынды.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине 8-майда кирери мурда кабарланган. Бирок келишимдин айрым талаптарын кайра карап чыгуу зарылчылыгы жаралгандыктан кийинкиге калган.

Өткөн жылдын 23-декабрында Москвада Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимге кол коюлган. Кыргызстандын бажы төлөмдөрүнөн алчу үлүшү 1,9% деп аныкталган.

Анда келишимдин күчүнө кирүү мөөнөтү 2015-жылдын 1-майы деп жазылган. Бул убакытка чейин бардык келишимдер ратификацияланса, чек аралар 9-майга карата ачылмак. (SE)

XS
SM
MD
LG