Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Жеңиш-70: Бишкекте кыргыз-орус концерти өтөт


Бүгүн, 5-майда Улуттук филармонияда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата «Когда над землею бушует весна…» аттуу майрамдык концерт өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Концертке Орусиянын Эл артисти Ренат Ибрагимов, К.С.Станиславский жана В.И.Намирович-Данченко атындагы музыкалык театрдын солисти Ирина Ващенко, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери Алмаз Истамбаев, Оксана Шутова жана Бакыт Ыбыкеев катышат.

Майрамдык иш-чара Москва шаарынын маданият департаменти, Орусия маданият министрлиги, Кыргызстандын Маданият, туризм министрлиги жана Бишкек шаарындагы “Москва үйү” борборунун колдоосу менен уюштурулду. (ZA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG