Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Волоколамскта Шопоковдун айкелинин ачылышы өтөт


7-майда Москва облусунун Волоколамск шаарында Советтер Союзунун баатыры, панфиловчу Дүйшөнкул Шопоковдун айкелинин ачылышы болот. Ага Кыргызстандан президент Алмазбек Атамбаев баштаган расмий делегация катышарын бүгүн мамлекет башчынын аппаратынын эл аралык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, 7-майда Алмазбек Атамбаев Бишкектен Москвага учуп кетет. 9-майда "Кызыл аянттагы" Жеңиш парадына катышат.

Дүйшөнкул Шопоков Волоколамск шоссеси тарабында душмандын борборго кире беришин коргоп, Москванын алдында 28 панфиловчунун катарында салгылашкан.

1941-жылы 16-ноябрдагы салгылашууда Дубосеково разъездинде душмандын 50 танкын чабуулун токтотуу учурунда эрдик көрсөткөн. Ал салгылашууда курман болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG