Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:28

УКМК Ош менен Жалал-Абадда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул күндөрү Жалал-Абад жана Ош облустарында эл арасында тарап жаткан түрдүү сөздөргө байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Мекеменин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Рустам Абдыкалыковдун "Азаттыкка" айтымында, базарларда "жакында кыргыз-өзбек тополоңу чыгат деген сөздөр айтылып жатат, бирок мунун баары негизсиз ушак-айың кеп".

Түрдүү окуяларга жол бербөө максатында учурда күч кызматкерлери жергиликтүү бийлик менен бирге алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абадда улут аралык тополоң чыгып, 400дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG