Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:58

Кундузда уруш кайра күчөдү


Кундуздагы операцияга тартылган ооган күчтөрү
Кундуздагы операцияга тартылган ооган күчтөрү

“Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун ооган кызматынын маалыматына караганда, өкмөттүк күчтөр менен "Талибандын" согушкерлери ортосундагы уруштар бүгүн Ооганстандын түндүгүндөгү бул провинциянын кеминде төрт бөлүгүндө жүрүп жатат.

Өкмөттүк күчтөр талибдер басып алган жерлерди бошотууга аракеттенүүдө.

Кундуздун губернатору Мухаммед Омар Сафинин айтымында, "Талибан" 24-апрелде жазгы чабуул баштагандан бери 20дай аскер мерт болду. Ошол эле учурда 190дой согушкер жок кылынды.

Губернатор кошумчалагандай, Кундуздагы уруштардан улам 10 миңдей үй-бүлө турак-жайын таштоого аргасыз болду.

Өкмөттүк күчтөр талибдерди алар ээлеген аймактардын көбүнөн сүрүп чыгарганы менен бийлик айрым стратегиялык дөңсөлөрдү бошотуу кыйын болуп жатканын моюнга алууда. (UE)

XS
SM
MD
LG