Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Иран Маршал аралдарынын желеги менен жүргөн кемени бошотту


Жүк тарткан кеме бошотулганын бүгүн Ирандын тышкы иштер министрлиги ырастады.

Аны Ирандын күзөт катерлери өткөн айдын соңунда Ормуз кысыгынан кармашкан эле.

Maersk Tigris кемеси менен кошо 24 адамдан турган экипажы да бошотулуп, Ирандын аймактык сууларынан чыгарылды.

Маршал аралдарынын желеги менен жүргөн кеме 28-апрелде даниялык компаниянын ирандык компанияга болгон карызына байланышкан талаштан улам кармалган.

Иран бийликтери кеме карыз маселеси чечилген соң бошотуларын билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG