Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Египеттин экс-президенти Мубарак үч жылга кесилди


Хосни Мубарак
Хосни Мубарак

Египет соту экс-президент Хосни Мубарак жана анын эки уулун үч жылга кести. Алар Мубарак бийликте турганда президенттик сарайды оңдоп-түзөөдө коррупциялык жол менен 18 миллион долларды өз кызыкчылыгына пайдаланган деп табылды.

Буга чейин өлкөнүн төмөнкү баскычтагы соту Мубаракты үч жылга кескен. Ушундай эле айып менен сот Мубарактын уулдары - Аля менен Гамалды төрт жылга кескен болчу. Бирок кийин Мубарактын үй-бүлөсү арыз менен кайрылган соң, сот ишти кайрадан кароого жиберген эле.

Буга чейин Мубарактан 2011-жылы январдагы демонстранттардын өлүмү боюнча айыптар алынып салынган.

Хосни Мубарак 2011-жылы жалпы элдик толкундоолордон соң кызматынан кеткен.

XS
SM
MD
LG