Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Абактагы түрк экс-президенти Кенан Эврен көз жумду


97 жаштагы генерал Эврен 1980-жылдагы аскердик төңкөрүштү уюштурган деп өткөн жылы өмүр бою эркинен ажыратылган эле. Бул төңкөрүш учурунда элүү адам өлүм жазасына кесилип, жүздөгөн адам абакка түшүп, ондогондор дайынсыз жоголгон. Эврен башкарган жети жыл аралыгында өлкөдөгү көпчүлүк партияларга тыюу салынган.

2010-жылга чейин Кенан Эврен кол тийбестик макамына ээ болгон. Бирок 2012-жылы андан бул макам алынып, соттук териштирүү башталган. Эки жылга созулган соттук териштирүүнүн жыйынтыгында Эвренден бардык аскердик чиндери алынып, өмүр бою эркинен ажыратылган эле. Жаш курагы жана ден соолугуна байланыштуу Кенан Эврен соттук жараяндарга деле катышкан эмес.

XS
SM
MD
LG