Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Ооганстанда 19 хазара барымтадан бошотулду


Забул провинциалдык кеңешинин мүчөсү Ата Жан Хакбаянын “Азаттык” радиосуна айтышынча, хазаралар түрмөдө отурган 22 адамга алмашылган. 22 адамдын үчөө чет элдик экенин жергиликтүү бийликтин өкүлү Асадулла Какар билдирди. Чет элдиктердин арасында бир аял жана бир бала бар экени айтылат. Барымтачылар туткунда калган башка 11 хазараны абактагы алты чет элдикке алмаштырууну сунуш кылышкан.

Чет элдиктердин арасында өзбектер да бар экени айтылат.

30 хазара эркек 23-февралда Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаары менен борбор калаа Кабыл ортосундагы жолдо баратканда уурдалган.

XS
SM
MD
LG