Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Ош: аялын терезеден түртүп өлтүргөн жаран кармалды


8-май күнү Ош шаарынын Анар кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан кулап түшкөн аял ооруканада көз жумду. Ал өлүм алдында жарандык никедеги күйөөсү терезеден түртүп жибергенин айткан. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Маркумдун жарандык никедеги күйөөсү качып кеткенине карабай, күч кызматкерлери тарабынан кармалды.

Иликтөө маалыматтарына ылайык, алар окуя болгон күнү тааныштарынын тоюнда чырдашкан. Тарынып үйгө баса берген аялынын артынан барып, ашкананын терезесинен түртүп жибергенин шектүү сурак учурунда мойнуна алган.

Каза болгон 32 жаштагы айым менен 24 жаштагы жигит бир топ учурдан бери жарандык никеде жашап жүрүшкөн. Иликтөө уланууда. (YI)

XS
SM
MD
LG