Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:46

Сочиде Путин менен Керринин сүйлөшүүсү өтүүдө


Жон Керри жана Сергей Лавров. Сочи, 12-май, 2015-жыл.
Жон Керри жана Сергей Лавров. Сочи, 12-май, 2015-жыл.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри президент Путин менен жолугар алдында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Орус маалымат агенттиктери билдиргендей, эки өлкөнүн башкы дипломаттарынын сүйлөшүүсү төрт саатка созулду.

Орус тышкы иштер министри Лавров кабарчылар менен маегинде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн “эң сонун” деп сыпаттады.

АКШ мамлекеттик катчысы Орусиянын жетекчилиги менен Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу боюнча келишимдин шарттары аткарылуусун, Сирия менен Йемендеги жаңжалдарды, Ирандын өзөктүк программасы боюнча түзүлүүчү келишимди талкуулайт деп күтүлгөн.

Сочидеги сүйлөшүүлөргө тушташ украин армиясы өлкө чыгышындагы уруштарда алар акыркы 24 саат ичинде үч аскерин жоготуп, бирөө жаракат алганын кабарлады.

Азыркы сапар АКШ мамлекеттик катчысынын Орусияга соңку эки жыл ичинде биринчи ирет келиши. (UE)

XS
SM
MD
LG