Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Кабулда чет элдиктер жашаган мейманканага чабуул жасалды


Куралчан топ 13-май күнү чет элдиктер көп жашаган мейманканалардын бирин бутага алды. Натыйжада беш адам каза тапты. Мерт кеткендердин арасында эки индиялык, бир америкалык жаран бар. Мейманканага кол салган куралчан топтун мүчөлөрү да өлтүрүлгөнүн, муну менен ири терракттын алдын алууга мүмкүн болгонун расмий органдар билдиришти.

Полиция башчысынын орун басары Сайед Гүл Роухани кабарлагандай, Park Palace Hotel мейманканасынан 54 адам куткарылды. Бирок чабуулга азырынча эч ким жоопкерчиликти ала элек.

Өткөн жылы да Ооганстандагы отелдердин бирине жана ресторанга куралчан топ чабуул койгон. Расмийлер кечеки окуяны да былтыркы кол салууга окшош деп сыпатташууда. (SE)

XS
SM
MD
LG