Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Мамбеталиев “ВБ” гезитинен 50 млн. сом талап кылууда


Президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев “Вечерний Бишкек” басылмасынан моралдык компенсация катары 50 млн. сом талап кылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Вечерний Бишкектин” интернет редактору Дина Маслова билдирди.

Басылманын айланасындагы чыр былтыр күзүндө башталган. Анын мурунку негиздөөчүлөрдүн бири Александр Рябушкин сотко кайрылып, өз үлүшүн талап кылган. Рябушкиндин арызын Бишкек шаардык соту канааттандырган.

Мындан соң басылма президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, басылманы рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жүрүп жатканын, анын артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, президенттик аппараттын жетекчисинин ошол кездеги орун басары Икрамжан Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турушу мүмкүн экенин билдирген.

Эркин Мамбеталиев кадыр-баркыма шек келтирди деп, “Вечерний Бишкекти” сотко берген. Мамбеталиев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. (МТо)

XS
SM
MD
LG