Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:47

Ош облусунда Кытайдын 9 жараны кармалды


Эркеч-Там чек ара бөлүгүнө караштуу аймактан кыргыз чек арачылары кечээ мамлекеттик чек ара тилкесинен өтүү эрежесин бузган тогуз кытай жаранын кармады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кармалган жарандардын жанында кимдигин аныктаган документтери жок болгон жана алар чек ара тилкесинде кандай максат менен жүргөнүн түшүндүрүп бере алган эмес. Мындан улам алар УКМКнын Алай райондук бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

XS
SM
MD
LG