Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Обама: АКШ Перс булуңундагы араб союздаштарды коргойт


Президент Обама Перс булуңунун кызматташуу кеңешине мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери менен. Кэмр-Дэвид резиденциясы. 14-май 2015.
Президент Обама Перс булуңунун кызматташуу кеңешине мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери менен. Кэмр-Дэвид резиденциясы. 14-май 2015.

АКШ Перс булуңундагы союздаштарын тышкы чабуулдардан коргойт жана Ирандын чөлкөмдү “бейстабилдештирүүчү аракеттерине” каршы аларга көмөктөшөт. Президент Обама мындай убаданы Перс булуңунун кызматташуу кеңешине мүчө алты өлкө менен 14-майда Кэмп-Дэвидде болгон жыйындан соң берди.

Уюмга Бахрейн, Бириккен Араб Эмирлиги, Катар, Кувейт, Сауд Арабия, Оман мүчө. Барак Обама Ирандын ядролук активдүүлүгүн чектечү ар кандай келишим чөлкөмгө коркунуч жаратпастан, тескерисинче, пайдалуу болорун баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG