Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Ала-Букада секталарга байланыштуу жаңжал териштирилүүдө


Райондун Көк-Серек айылында апрель айынын ортосунда мечиттеги жума намаздан соң элдин эки тарап болуп чатакташкан себебин күч органдары териштирип жатат. Маалыматтарга караганда, 17-апрель күнү мечит имамы диний секталарга кошулбоого үндөп, айрыкча “Орда” деп аталган сектанын ишмердүүлүгү жайылып жатканын белгилеген. Андан улам намаз соңунда пикир келишпестиктер жаралган.

Райондун имамы Шумкар Чыналиев Ала-Букада 15-май күнкү жаштар форумунда бул маселени көтөрүп, секталардын ишине чектөө киргизүүнү адистерден суранды.

Жалал-Абад облустук ИИБнын 10-бөлүмүнүн өкүлү Фархад Козубаев териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтып, секталар тийиштүү фактылар чогултулган учурда гана жабыларын билдирди.

“Орда” диний сектасынын өкүлдөрү элге оорулардан сыйынуу жолу менен арылууну сунуштайт. Бул үчүн от жагуу, жаратканга жалбаруу сыяктуу ыкмаларды колдонушат. “Орданын” ишмердигине Казакстанда жана Орусиянын айрым аймактарында тыюу салынган. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG