Парламент шаршембидеги пленардык отурумунда Евразия экономикалык биримдигине кирүү боюнча документтерди ратификациялоо жараянын карайт.
Ал эми документтер президенттин кароосуна июндун башында жөнөтүлмөкчү.
Быйыл 8-майда Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге кол коюлган. Аны уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттери ратификациялаган соң Бишкек уюмдун толук кандуу мүчөсү болот. (ZKo)