Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:00

Хабаровскиде кумса активистке кол салуу болду


Александр Ермошкин жана дагы бир нече киши гомофобияга каршы акция уюштурууну көздөп жаткан. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, ал акция болуучу жерге келип, унаадан түшүп жаткан учурда анын бетине газ чачышып, башына урушкан. Ермошкин кулап калган кезде кол салгандар качып кетишкен.

Гомофобияга каршы иш-чара өткөрүүнү көздөгөн сексуалдык азчылык өкүлдөрүнө кечээ Бишкекте “Кырк чоро” уюмунун жигиттери барып жыйынын үзгүлтүккө учураткан. “Кырк чорочулар” жыйын өтүп жаткан кафеде эки жигит "баш кошуп" жатканынан улам бул кадамга барышканын билдиришкен. Бирок сексуалдык азчылык өкүлдөрү кафеде гомофобияга каршы күнгө карата жыйын болгонун, ага 30 чамалуу адам катышканын айтышты.

Дүйнө жүзүндө 17-май – гомофобияга жана трансфобияга каршы эл аралык күн катары белгиленет. 1990-жылы ушул күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кумсалык психикалык оору эместигин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG