Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Жалал-Абадда селдин айынан эгин талаалар жабыркап, жолдор жабылды


Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек, Ажек, Айры-Там, Жаңы-Шаар, Ак-Коргон айылдарында жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаарларында кечээ кечинде нөшөр жаан жаап, турак-жай, короо-сарайларды каптап, ички чарбалык жолдорду жууп кетти. Айрым эгин талаалар да жабыркады.

Окуя болгон жерде азыр өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жүргөнүн, ал кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин көзөмөлдөп, абал менен жеринен таанышып жатканын аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечээ күнкү нөшөрдөн Талас облусунун Талас районуна караштуу Арал айылы да жабыркады. (RK)

XS
SM
MD
LG