Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өттү деген негиз менен Өзбекстандын эки жараны милицияга сурак берүүдө. Алар Наманган облусунун Янги-Курган районунун тургундары Гуламжан Рузматов жана Инамжан Отамырзаев аттуу жарандары экенин, 18-май күнү Кербен шаарында кармалганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. (RsK)