Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Ошто үч айда 37 тонна жараксыз азык табылды


Бул тууралуу Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын башчысы Уулкан Каратаева билдирди.

Анын айтымында, шаардык санэпидемстанция үч ай ичинде калаа дүкөндөрүнөн мөөнөтү өткөн 37 тонна азыкты аныктаган. Анын ичинен 36 тоннасын мөөнөтү өткөн туздар түзөт. Калган бир тоннасынын арасында балдарга арналган ширелер, камырдан жасалган шириндиктер жана балмуздактар болуп чыккан. Учурда бул азыктар өрттөлүп жок кылынды. Ал эми тузду йоддоп кайра чыгарууга уруксат берилди.

Мөөнөтү өткөнүнө карабай азыктарды сатыкка койгон дүкүн ээлери 2000-5000 сомго чейин айып төлөштү. (YI)

XS
SM
MD
LG