АКШ Түндүк Корея чакан атом бомбаларын жасоого кудурети жетпейт деп эсептейт. АКШ коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Патрик Вентрелл 20-майда Түндүк Корея боюнча Американын көз карашы өзгөргөн жок деп билдирди. “Биз аларда атом бомбасын кичирейтип жасоо мүмкүнчүлүгү бар деп ойлобойбуз” деди ал.
Түндүк Корея 20-майда ракетага байланып, алыска уча ала турган чакан атом бомбаларын жасадык деп мактанган.