Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

Укук коргоочу милиция боюнча колдонмо чыгарды


Кыргызстанда укук коргоочу жарандар үчүн милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерине байланыштуу арыздануунун жол-жобосун үйрөткөн колдонмо басып чыгарды. Анын автору - белгилүү адвокат жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов. Колдонмонун бетачары Бишкек шаарында жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында өттү. Жергиликтүү тургундар милициянын мыйзамсыз иштерине байланыштуу прокуратура, сот органдарына жана ИИМдин жеке коопсуздук башкармалыгына кайрылуу эрежелери тууралуу маалымат алып, суроолорун беришти.

Колдонмодо керектүү мекемелердин дареги, байланыш номурлары, арыздардын үлгүлөрү жана башка тиешелүү маалымат жазылган.

Кыргыз жана орус тилдеринде чыккан китепче боюнча жолугушуулар эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында өтөт.

Ал эми июнь айында ички иштер кызматкерлери үчүн эл менен иштөөнү жакшыртуу багытында атайын семинарлар уюштурулат.

Кыргызстанда коррупция, адам укугун бузуу фактылары боюнча даттануулардын көбү милиция, сот жана прокуратура кызматкерлеринин ишине байланыштуу болот. (RK)

XS
SM
MD
LG