Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Ысык-Көлдө окуучу кызды өгөй атасы зордуктады деп шектелүүдө


Ысык-Көлдүн Түп районунун 50 жаштагы тургуну 9-класста окуган өгөй кызын зордуктады деп шектелүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай арыз менен ички иштер органына кыздын энеси кайрылган. Ал күйөөсү окуучу кызды зордуктоого аракет кылды деп даттанган. Мындан соң кылмышка шектүү адам камакка алынып, кыз тиешелүү экспертизалардан өткөрүлүүдө. (ASa/BkA)

XS
SM
MD
LG